Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Кыргызстандын тышкы карызы кечирилиши мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн кечүү маселеси Эларалык валюта корунун «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» программасынын аткарылышына байланыштуу болот. Бул жөнүндө бүгүн Кыргызстандын Каржы министри Болот Абилдаев менен Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Башор Мухападиянын жолугушуусунда айтылды. Эгерде аталган программада каралган шарттар толугу менен аткарылса, Париж клубу Кыргызстандын эки тараптуу келишимдердин негизинде, мамлекеттерден түз алынган тышкы карыздарынын үчтөн эки бөлүгүн, 450 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кечиши мүмкүн. Париж клубунда бул маселе ушул жылдын аягында же 2005-жылдын январь айында каралышы күтүлүүдө. 16-январда Эларалык валюта корунун аткаруу комитети тарабынан 3 жылга эсептелген бул программанын 2 жылдыгы аткарылды деп табылган. Программанын үчүнчү жылга каралган бөлүгү өткөн жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирген жана ал 2004-жылдын 3-сентябрында аяктайт.

XS
SM
MD
LG