БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин адам укуктарынын абалына арналган эларалык 2 күндүк конференция өз ишин баштады. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин жана Орусиянын укук коргоочулары, эларалык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Алгачкы күнкү талкууда укук коргоочулар Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусияда авторитардык режим күч алып жатканын белгилешип, «Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму бул проблеманын мизин кайтаруу үчүн кандай аракет көрө алат» деген маселени көтөрүштү. Ал эми Болгариянын ЕККУдагы өкүлү Красимир Петров бул маселе астейдил мамилени талап кыларын, ЕККУ проблеманы сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууну жактаарын билдирди. Эларалык конференцияны Белгия өкмөтүнүн колдоосу астында Адам укуктары боюнча Эларалык лига менен Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитети уюштурду. Жыйынга Хельсинки Федерациясынын вице-президенти Унрих Фишер катышууда. Конференция ишин эртең жыйынтыктайт.