ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облустук соту Алабука районунун төрт калемгеринин апелляциялык арызын карап бүттү. Журналисттер арызында райондук соттун өткөн жылдагы, калемгерлерди айыптуу деп тапкан чечимин жокко чыгарууну өтүнүшкөн болчу. Райондук "Айыл акыйкаты" газетасынын өкүлдөрүнүн айтымында, «Алабука районунун тарыхы» аттуу китеп тууралуу жазылган макалада анын авторун мазактоо максаты болгон эмес. Облустук соттун коллегиясы тараптардын жүйөөлөрүн угуп, гезит өкүлдөрүнө райондук сот салган 30 миң сомдук айыппулдун 11 миң сомун кыскартты. Облустук соттун чечимине макул болбогон калемгерлер эми Жогорку Сотко даттанаарын билдиришти.