Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:21

Бишкекте суу-энергетика маселелери талкууланмакчы


БИШКЕК. Эртең Бишкектеги «Аларча-4» резиденциясында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү тарабынан аймактагы суу-энергетика маселелери талкууланмакчы. Бул тууралуу бүгүн кыргыз өкмөтүнун маалымат кызматынан кабарлашты. Бул жыйынга Казакстандын вице-премьер-министри Ахметжан Есимов баштаган жана Өзбекстандын вице-премьер-министри Уткир Султановдун жетечилигиндеги делегациялар, Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев, биринчи вице-премьер-министри Кубанычбек Жумалиев, айыл жана суу чарба министрлигинин, энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү катышмакчы. Анда Сырдарыядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча ушул жылдын 4-январында Чымкент шаарында кол коюлган макулдашуунун Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан аткарылышы, Казакстандын Шардарыя суу сактагычында түзүлгөн абалды жөнгө салуу маселелеринин да талкууланышы күтүлүүдө. Чымкент макулашуусуна ылайык, Кыргызстан 6-январдан тартып Токтогул суу сактагычынан сууну койо берүүнү секундасына 500 кубо метрге чейин азайтуу милдетин алган.

XS
SM
MD
LG