Грузиянын жаңы шайланган президенти Михаил Саакашвили бүгүн алгачкы расми сапар менен Маскөөгө келди. Бүгүн ал орус өкмөтүнүн мүчөлөрү жана патриарх Алексий Экинчи менен жолукту, президент Владимир Путин менен жолугушуу эртеңкиге белгиленген. Жолугушуулар учурунда Чеченстан менен Каспий деңизинин айланасындагы маселелер, советтик аскерий базаларды Грузия аймагынан чыгарып кетүү жана башка проблемалар талкууланат. Саакашвили Маскөөгө катардагы учак менен учуп келди.