Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

«КУМТӨРАЛТЫН» ДОЛБООРУН КАЙРА КАРАП ЧЫГУУ БОЮНЧА ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ ӨТТҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн жылдын июнь айында «Кумтөралтын» долбоору боюнча келишим «Жогорку Кеңештин макулдугусуз өзгөртүлбөсүн» деген токтом кабыл алган болчу. 31-декабрда өкмөт токтом чыгарып, анда Канаданын «Камеко» корпорациясы менен 1992-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртүп, аталган корпорация менен бирге «Центерра» аттуу компания түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Шаршемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын 3 комитети: Курулуш, жер байлыктары, транспорт жана коммуникация боюнча комитет, Бюджет жана каржы комитети, Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитет биригип, бул маселе тууралуу парламенттик талкуу өткөрүштү.

Парламенттик угууга төрагалык кылган Курулуш, кен, транспорт жана коммуникация боюнча комитеттин төрагасы Ишенбай Кадырбековдун айтымында, талкууга премьер-министр Николай Танаев чакырылган болчу. Бирок ал келген жок. Мыйзам чыгаруу жыйынынын аталган комитеттеринин атынан чыгып сүйлөгөн депутат Орозбек Дүйшеев каралып жаткан маселе боюнча буларды билдирди:

- «Кумтөр боюнча келишимге жана техникалык-экономикалык негиздемеге өзгөртүүлөр жана кошумчаларды киргизүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана киргизилсин» деп так чечим кабыл алынган. Биздин аткаруу бийлиги бул чечимди аткаруунун ордуна Жогорку Кеңешти тоотпой, эл шайлаган депутаттардын укугун тебелеп-тепсеп, 31-декабрда тымызын эч ким менен макулдашылбаган, кыргыз элинин кызыкчылыгына туура келбеген, мурда иштеп жаткан башкы макулдашууну жокко чыгарган инвестициялык келишимге кол койгон. Бул токтом 3 комитеттин кошмо отурумунда каралып, Конституцияны жана Кыргызстандын мыйзамдарын одоно бузгандык катары бааланды. Биз ушул маселени жалпы коомчулуктун кароосуна алып чыгып жатабыз.

Бул маселе боюнча өкмөттүн атынан юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаев түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул инвеcтициялык келишим эл аралык келишим эмес, чарба аралык келишим болуп саналат. Ошондуктан, өкмөт аны Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле өзү чече алат:

- Конституцияда да, эки палатанын регламентинде да Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо тууралуу маселени Жогорку Кеңеш чечет деп жазылган эмес. Кумтөр долбоору инвестициялык келишим, же жөнөкөй тил менен айтканда чарбалык келишим болуп эсептелет. Ал граждандык кодекстин эрежелери жана нормалары менен чечилиши керек.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Камчыбек Кудайбергенов болсо мурдагы келишимди кайра карап чыгуу зарылчылыгын Кумтөрдүн биргелешкен ишкана учурунда салыктан бошотулуп калышы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, мурда бийликте туруп, бул маселени чечкен адамдар «Камеко» менен түзүлгөн келишимде Кумтөрдү салыктан бошотушуп, ката кетиришкен. Ал жаңы түзүлгөн келишимге ылайык «Центерра» компаниясы салыкты толугу менен төлөп, бюджетке 30 млн. доллар акча берет деп ишендирди. Бирок депутат Марат Султановдун айтымында, өкмөт өзүнүн «Камеко» менен түзгөн келишиминде салык боюнча бир нече жеңилдиктерди берип жатат. Бул болсо өкмөттүн эмес, палатанын ыйгарым укугуна кирет. Депутат Ишенбай Кадырбековдун айтымында, өкмөт 31- декабрда «Камеко» менен түзгөн инвестициялык келишиминде жаңы түзүлгөн «Центерра» компаниясын жол салыгынан жана кошулган наркка салыктан бошотуп койгон. Парламенттик угууда бул келишимди эларалык каржы уюмдары да колдобостугугу маалым болду:

- Өкмөт «Камеко» фирмасынын сунушуна макул болуп, 31-декабрда чыгарган токтомун Дүйнөлүк банк колдобой жатат, - деди депутат Орозбек Дүйшеев.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк жаңы келишимде күмөндүү жерлер бар экендигин белгилептир. Эгерде өкмөт анда жиберген катасын оңдобосо, Париж клубу менен тышкы карызды кечүү тууралуу сүйлөшүү кыйындайт деп жатышат. Дүйнөлүк банк жаңы компаниянын түзүлүшү менен өкмөт айткандай тобокелчилдик азайбай эле жогорулайт деп эсептейт. Ал андан тышкары жаңы түзүлгөн «Центерра» компаниясы коомчулук үчүн ачык эмес компания болуп түзүлгөнүн белгилеп жатыптыр. Парламенттик талкууга бейөкмөт уюмдардын жана партиялардын өкүлдөрү катышып, чынында эле Кумтөрдө иштегендер өз ишин жашырышып, эч маалымат бербестигин айтышты. Алар жаңы келишимди коомдук экспертизадан өткөрө тургандыктарын билдиришти. Парламентик талкууда «Кумөрталтын» долбоорун реструктуризациялоо тууралуу өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы чыгарган токтомун жокко чыгаруу, бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу, мурдагы келишимге кол койгон адамдардын күнөөсүн тактоо боюнча башкы прокуратурага тапшырма берүү тууралуу чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG