Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Өкмөттүк жыйын тартип коргоо органдарынын ишин талкуулады


БИШКЕК. “Өлкөдө жаштар жана кароосуз калган балдар арасында кылмыш өсүүдө. Буга жумушсуздук, миграциялык агым таасир этүүдө”. Мындай маалыматты өкмөттүк жыйында ички иштер министри Бакирдин Субанбеков билдирди. Министр өкмөттүк жыйында кылмыштуулукка каршы күрөштүн жай жүрүшүн милиция кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгы, коомдук кыймылдарга материалдык колдоонун жоктугу себеп болууда. Маселен, өлкө боюнча иштеп жаткан участкалык милиция кызматкерлеринин 30 пайызы бир жыл, 39 пайызы үч жыл гана иштеп, жумушту таштап кетишет. Милиция кызматкерлеринин коррупциялык иштерге аралашышын да министр ушул себеп менен байланыштырды. Өлкө боюнча учурда 914 участкалык милиция иштейт.

XS
SM
MD
LG