Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Кыргызстанга чет өлкөлүк машыктыруучулардын келиши күтүлүүдө


БИШКЕК. Германиянын «Боруссия-Дортмунд» командасынын мурдагы машыктыруучусу Хорст Франс Кыргызстандагы балдардын футбол боюнча курама командасын машыктырууга келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Валерий Диль маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, футбол аркылуу дүйнөгө Кыргызстанды таанытуу максаты менен өлкөдө футбол оюнун өнүктүрүү маселесин өкмөт караштырып жатат. Ал эми Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин маалыматы боюнча, республикадагы футбол тармагындагы оор жагдайды жоюш үчүн 6 жылдан ашуун убакыт талап кылынат.
Чет өлкөлөрдөн 22 жогорку адистеги машыктыруучу менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG