Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

ИРАНДА ШАЙЛОО БАШТАЛДЫ


Иранда бүгүн парламенттик шайлоо башталды. Парламенттин 290 мандаты беш миңге чукул талапкердин талашына коюлду. Депутаттардын жаңы корпусун тандаганы жалпы өлкө боюнча кырк алты миллион шайлоочу добуш берүүгө тийиш. Бирок алардын канчасы бүгүн өз ыктыяр-эркин билдиргени келет, азырынча белгисиз. Реформачыл маанайдагы бир катар партиялар, белгилүү коомдук активисттер менен укук коргоочулар парламенттик шайлоого байкот жарыялашкан эле. Шайлоого бир күн калганда Ирандын көзөмөл кеңешинин чечими менен оппозициялык негизги эки гезит жабылды.

Жабылган эки гезитте,анын ичинде либералдык маанайдагы “Яс-е-но” басылмасында реформачыл депутаттардын Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменеини сынга алган ачык каты жарыяланган эле. Катта жогорку лидердин атына өтө катаң жана ачуу апаздар айтылган. Атап айтканда, кайрылуунун авторлору реформачыл маанайдагы таанымал саясатчылар менен коомдук ишмерлерди талапкерлердин тизмесинен алып таштаган көзөмөл кеңешине аятолланын чындап эле тили өтпөй калдыбы же өлкөнүн диний адыйы калкка бирди айтып, иш жүзүндө башкача көрсөтмө берип кыйпылык кылдыбы, Хаменеиден ушу соболго ачык жооп берүүнү талап кылышкан. Иранда ислам бийлиги орногону жогорку лидердин атына мынчалык батыл акаарат айтылган учур болгон эмес. Азыркы бийлик улам барган сайын элден алыстап баратат, ошондуктан ал тышкы душмандар көздөгөн ачык же кыйды кутумчулуктун курмандыгы болушу мүмкүн, деп эскертишкен кайрылуунун авторлору.

Көзөмөл кеңешинин чечими менен реформачылардын 2,5 миңдей өкүлү, анын ичинде Иран Ислам Республикасынын атасы – имам Хомейнинин небереси талапкерлердин тизмесинен сызылып ташталган эле. ”Ислам революциясы элге эркиндик жана көз карандысыздык алып келген эле, бирок сиз жетектеген азыркы режим исламдын атына жамынып элдин укугун жана эркиндигин тебелеп-тепсеп жатат”, - деп айтылат Иран лидерине багышталган ачык катта.

Шайлоого бир нече күн калганда сегиз жүздөй реформачыл талапкер межилистин мандаты үчүн күрөшкөндөн баш тартышты. Ошентип, консерватор кандидаттардын межилиске келишине даңгыр жол ачылды. Ирандын эмки парламенти толугу менен алардын колуна өтөрүнөн иш жүзүндө эч ким шектенбейт. Буга карабастан президент Мохаммад Хатами ирандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды. Ушундай шартта гана ислам революциясынын демократиялык жеңиштери сакталып калат, мунун өзү Иранда эркиндик жок деп эсептеген сырткы душмандардын аргументтерине жооп болот, деп айтты Хатами шайлоо алдындагы кайрылуусунда.

XS
SM
MD
LG