БИШКЕК. Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында Борбор Азия кызматташтык уюмунун (БАКУ) тышкы иштер министрлеринин отуруму башталды. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышууда. Жыйында аталган уюмдун мамлекет башчыларынын 2003-жылдын июль айында Алматыда өткөн жолугушуусунда кабыл алынган макулдашуулардын аткарылышы жана келечекте өз ара кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.