Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Жалалабаддык милиционерлер кимди жабыркатты?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Эл аралык "Фридом Хауз" уюму дүйнөлүк коомчулукка жакында Жалалабаддагы айрым атуулдарга областтык ички иштер башкармасынын өкүлдөрү зордук-зомбулук көрсөткөндүгү тууралуу билдирүү таратты. Уюп 30-январда болгон бул окуяны кылдаттык менен изилдеп чыгып калыс баа берүүгө кыргыз бийлигин чакырды.

«Өткөн айдын соңунда Курман айт күнүнө карата "Хизб-ут-Тахрир" партиясынын баракчалары таркатууга даярдалып жатат" деген маалымат түшкөндүгүнөн улам Жалалабад областтык ички иштер башкармасынын кылмыш-изилдөө бөлүмүнүн адистери 30-январь күнү кечинде партиянын Жалалабад шаарында намаз окууга камданган мүчөлөрүнүн үстүнөн чыгышкан. Аларды ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Башкармалыкка алып келгенден кийин милиционерлер аларга орой мамиле жасап, үркүтүп-коркутканы жөнүндө кармалгандардын бири Бахтияр Жумабаев:

- Шарият боюнча чечинүүгө мүмкүн эмес дегенибизге карабай, бизди чечинтүүгө мажбурлашты. Андан кийин ички иштер башкармалыгынын коридорунда колдорубузду көтөртүп, бир жарым саат тургузуп коюшту. Кийин ар бирибизди башка-башка бөлмөлөргө киргизип, менин башыма, таманым менен буту-колума таяк (дубинка) менен урушту, - деп эскерди.

Партиянын ошо күнү кечинде кармалган дагы бир мүчөсү Алымжан Рахматкулов үйүнө таңкы саат алтыда гана койо берилген. Анын ою боюнча, "Хизб-ут Тахрир" уюму өлкөнүн саясатына каршы үндөө жасай элек. Ушундан улам ал өлкөдөгү дин эркиндиги каралган мыйзамдар иш жүзүндө унутта калды деген ойдо.

30-январь күнү уюмдун 18 баракчасы табылган. Ал күндүн эртеси Алымжан Рахматкулов 33 баракчаны ички иштер башкармалыгына өзү алпарып берген. Баракчаларда "Биз, Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршыбыз, Кыргыз Республикасынын Президентин тааныбайбыз. Биз Эмирге гана баш ийебиз!" деген сөздөр жазылган. Бул тууралуу маалымат берген башкармалыктын кылмыш издөө бөлүм башчысы Орозалы Текинбаевдин айтымында, кармалган алты кишиге зомбулук көрсөтүлгөн эмес:

- Түшүнүк кат жазып беришкенден кийин алар үйлөрүнө койо берилген. Түшүндүрмөлөрүндө "Хизб-ут Тахрир" партиясынын катарында 4-5 жылдан бери турушаарын көрсөтүшкөн. Аларды эч ким уруп-сабаган же кыйнап-зомбулук көрсөткөн жок.

Адамдык укуктары менен диний ишенимдерин коргоону өтүнгөн алты кишинин арызын облустагы "Справедливость" уюму облустук прокуратурага тапшырган. Окуя текшерилгенден кийин облустук прокуратура Кылмыш кодексинин "Ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдалануу" деген 305-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Прокуратуранын тергөө бөлүмүн башкарган Сүйүндүк Мамыровдун айтымында, тергөө иши башталмакчы:

- "Справедливость" уюму өз билдирүүсүндө облустук ички иштер башкармасынын кылмыш-изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Алымжан Рахматкуловдун үйүнө барышып, башкармалыкка алып келгени, ал жерде күч колдонуп, уруп-сабаганы жөнүндө көрсөткөн. Арыздын негизинде окуя боюнча Кылмыш кодексинин 305-беренесине ылайык иш козголуп, ал Улуттук коопсуздук башкармасынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды. Иштин тергөөсүнө ылайык юридикалык чечим кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG