БИШКЕК. Бүгүн «Менин өлкөм» партиясынын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана активисттери партиянын башкы координатору, өлкөнүн вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен жолугушуп, партиянын ички маселелерин талкуулашты. Партиянын учурдагы башкы максаты ушул жылдын октябрь айында боло турган жергиликтүү шайлоого жакшы даярдык көрүү. «Менин өлкөм» партиясынын мүчөлөрүнүн саны учурда 7 миңден ашуун. Кыргызстан боюнча 80ге жакын айыл өкмөт башчылары аталган партиянын өкүлдөрү. Ал эми эртеңден тарта АКШнын Улуттук демократиялык институту Кыргызстандагы саясий партиялар үчүн семинарларды өткөрө баштайт. Алгачкы семинар «Менин өлкөм» партиясы үчүн өткөрүлөт. Семинарда саясий партиялардын коомдогу ордун жогорулатуу, партияларга жаңы мүчөлөрдү тартуунун, партия тарабынан калкка, жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуунун жолдору, алардын каржылоо маселелери талкууланат.