Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Кыргыз-Орусия парламенттеринин кызматташтыгы артат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппараты менен Орусия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумга кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин Москвадагы иш сапарынын учурунда кол коюлду. Эркебаев жетектеген делегация Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Борис Грызловдун чакыруусу менен барган. Меморандумга ылайык, мындан ары Мыйзам чыгаруу жыйыны менен Мамлекеттик думанын аппараттарынын ортосунда тыгыз кызматташтык жакшырмакчы. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынан билдиришти. Төрага Абдыганы Эркебаев баштаган делегация Мамлекеттик думанын 21-февралда өткөн 10 жылдыгына арналган салтанатуу жыйынга катышты.

XS
SM
MD
LG