Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Абактарда “каман күркүрөйт”


БИШКЕК. “Кыргызстандагы жаза өтөө жайларында электр жарыгынын соңку мезгилде бат-бат өчүрүлүшү камактагылардын качуу аракеттерин көрүшүнө ойтойлуу жагдай түзүшү жана атуулдардын өмүрүнө коркунуч пайда кылышы мүмкүн. Ансыз деле абалы өтө оор абактардагы жарыкты өчүрүүлөр токтотулушу керек”. Мындай мазмундагы кат республикадагы бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы тарабынан премьер-министр Николай Танаевге, президенттин энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиевге жана Каржы министри Болот Абилдаевге жолдонду. Учурда Юстиция министрлигине караштуу жазаны аткаруу башкармалыгынын электр жарыгы үчүн карызы 7 млн. 570 миң сомду түзөт. Катта маалымдалгандай, мындай көлөмдөгү карыздын топтолушуна Каржы министрлигинин жаза өтөө мекемелерине өз убагында акча которбой жаткандыгы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG