Өзбекстанда гуманитардык жардам боюнча эларалык уюмдарды кайра каттоо терроризмге каршы күрөштүн чегинде жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Владимир Норов билдирди. Норовдун айтымында, экстремисттик топтордун каржылык жардам алышына жол бербөө үчүн өкмөт өлкөгө келип жаткан акчанын агымын көзөмөлдөп турушу керек.
Уюмдарга зарыл документтерин топтоого дагы бир ай убакыт берилди. Жаңы эреже боюнча чет элдик гуманитардык уюмдар көп сандаган документтерин орус жана өзбек тилдерине которушат, ошондой эле каражаттын булагы жана кызматкерлери тууралуу маалымат бериши керек. Алар мурдагыдай тышкы иштер министрлигинде эмес, юстиция министрлигинен каттоодон өтүшөт.
Кошмо Штаттары мындай жаңы тартип 1994-жылдагы эки тараптуу келишимге кайчы келээрин эскерткен.