Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

ИРАК: УБАКТЫЛУУ КОНСТИТУЦИЯНЫН УЧУРУ КЕЛДИ


Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөлөрү 1-марттын таңында өлкөнүн убактылуу конституциясын даярдап бүтүштү. Ошентип катаал сүйлөшүүлөрдөн кийин исламдын ролу, күрт автономиясынын статусу жана аялдардын улуттук парламенттеги орду боюнча талашка чекит коюлду. Убактылуу конституция Ирактын 30-июнга чейин түзүлчү жаңы өкмөтү колдончу башмыйзам. Өлкөнүн туруктуу конституциясын келерки жылда болот деп мерчемделген жалпы элдик добуш берүүдө шайланган парламент иштеп чыгат.

Ирактын башкаруучу кеңешинин 25 мүчөсү дээрлик эки жумага созулган катуу талаш-тартыштан кийин дүйшөмбү күнү таңга жуук өткөөл мезгилдин убактылуу конституциясын бир добуштан бекитишти. АКШ дайындаган Кеңештин шийи мүчөсү Ахмад Чалабинин жардамчысы Интифад Канбардын айтышынча, конституцияга “Ашура” майрамы бүткөн шаршемби күнү кол коюлат.

Кеңештин мүчөлөрү ислам канондорунун негизи болгон шариятты конституцияда мыйзамдын “негизги булагы” деп жазбастан, “шарият-мыйзамдын негизги булактарынын бири” деген аныктамага токтолуусун талдоочулар Араб дүйнөсүндөгү “чоң ийгилик” деп аташты. Убактылуу конституция “жеке адамдын укугун региондогу башка өлкөлөрдүн башмыйзамдарына салыштырганда мыкты коргойт”, - дейт аны жазууга катышкан теги ирактык, америкалык юрист Фейзал ал-Исрабади.

Багдадда жайгашкан Ирак фондунун өкүлү Аммар ал-Шабандар убактылуу конституция 1963-жылга чейинки-Абур Карим бийлиги тушундагы секулярдык башмыйзамдын негизинде иштелип чыккандыктан, аны көпчүлүк ирактыктар колдошот деген ишеничте:

- Ал мыйзам Абдул Каримдин башкаруусу тушунда иштелип чыккан. Абдул Карим эл арасында азыр да өтө популярдуу. Эл Абдул Каримдин жетеги астында даярдалган мыйзам ар бир жарандын укугун коргойт деп ойлошот. Ошентип атуулдук статусту коргогон мыйзамга ылайык шарият соту жок болсо да, адамдар шарияттын жол-жоболорун бекем тута алышат. Бул азыркы кырдаалга ылайыкталган ислам мыйзамы.

Убактылуу конституция боюнча сот органдары бийликтен күнкорсуз болот. Аялдар менен эркектер этникалык тегине карабастан бирдей укукка ээ. Атүгүл аялдарга парламенттеги мандаттардын 25% бөлүнгөн. Армия болсо жарандардын көзөмөлү астына коюлат. Күрттөрдүн башкаруусундагы аймак азыркыдай автономиялуу башкарууда кала берип, алардын жаңы өкмөтү жалпы элдик добуш берүү аркылуу шайланыш керек. Бирок конституцияда күрт автономиясын түзүүнүн мөөнөтү жана автономиянын аянты так көрсөтүлгөн эмес.

Ирактын түштүгүндө көпчүлүктү түзгөн шийилер күрттөргө өзүн-өзү башкаруу укугу берилсе, биз да ошондой укукка ээ болушубуз керек деп жатышкан. Ошон үчүн байкоочулар арасында шийилер убактылуу конституциянын жоболоруна макул келеби деген чочулоолор бар.

Ал-Шабандардын айтымында, Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер күрттөргө федерализм укугу берилишине макул болбойт:

- Бремер күрттөр федералдык башкарууда болсун деген жобого вето жарыялайт. Себеби күрттөр убактылуу конституциянын жоболору болочокку туруктуу конституцияга өзгөрүүсүз кирет деп ойлошот. Менин оюмча, Кеңештин мүчөлөрү күрттөрдүн өзүн-өзү башкаруусун таануу менен, аны федерализмдин бир формасы катары аныкташпайт.

Эксперттер Башмыйзам апта ортосунда коюлуп калса, ал өтө маанилүү окуя болоруна көңүл бөлүшөт. Анткени убактылуу конституция 30-июндан кийин Иракты башкарчу эгемен өкмөттүн жетектөөчү куралы болмокчу.

Өлкөнүн жаңы конституциясын иштеп чыгуу -келээрки жылы шайланчу парламенттин тарыхый милдети.

XS
SM
MD
LG