Бүгүн Россияда АКШнын чалгындоо кызматына электрондук почта аркылуу жиберген коркутуулары үчүн 18 жаштагы бир студент кармалды. Барнаулдагы техникалык университеттин студенти АКШнын метро системасы жардырылат деген мазмундагы коркутуп-үркүтүүлөрүнө байланыштуу суракка алынып, койо берилди. Бирок тергөө улантылат. Студент жоругу үчүн үч жылга түрмөгө кесилиши ыктымал.
Эл аралык кабарлар топтомун Айнура Жекше кызы даярдады
Эл аралык кабарлар топтомун Айнура Жекше кызы даярдады