Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Президент А. Акаев Польшага барат


БИШКЕК. Эртең президент Аскар Акаев баштаган делегация Польшага ырасмий сапар менен барат. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, сапар Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий байланышты чыңдоо максатын көздөйт. Бул маселелер Польшанын президенти Александр Квасневски, премьер-министри Лешек Миллер, парламентинин жетекчилери Марек Боровски, Лонгин Пастусяк жана башка жетекчилер менен жолугушуу учурунда талкууланат. Сапардын жүрүшүндө 2004-2006-жылдарда маданият, билим берүү жана илим тармагында Кыргызстан менен Польшанын өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташууну аткаруу программасына жана айыл, суу жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу протоколуна кол коюлат. Акаев Ягеллон университетинде окумуштуулар менен жана Польшанын ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушууда сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG