Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

ЖЕРГЕТАЛДЫК КЫРГЫЗДАРДЫН ООР ТУРМУШУ


Мирзахалим Каримов, Бишкек Электр энергиясынын, отун-суунун таңкыстыгынан Тажикстандын Жергетал районунда жашаган кыргыздардын турмуш тиричилиги кыйын бойдон калууда. Aталган райондогу кыргыздар жыш отурукташкан Чоңкыргыз айылынын социалдык абалы, кыргыздар менен тажиктердин өз ара мамилелери тууралуу.

Тажикстандын борбор калаасынын 300 чакырым алыстыкта жайгашкан Жергетал районундагы кыргыздар менен тажиктердин айрыкча кыш мезгилиндеги турмуш тиричиликтери бир кыйла оор. Көп жылдардан бери электр энергиясынын үзгүлтүк менен берилип, ташкөмүр таңкыс болуп калганынан улам асман тиреген тоолордун боорлорундагы жана кокту-колоттордогу акчечек, шилби, караган, карачеке, алмачык деп аталган өсүмдүктөр түп-тамырынан жулунуп, чытырман токойго айланган жапжашыл арчалар менен кайыңдардын дээрлик баардыгы кыйылып бүткөн. Экологиялык оор маселеге айланган мындай аянычтуу абал, бул аймакта жашаган элдердин турмушун улам күн өткөн сайын начарлатып келатат. 400 үйбүлө жашаган Чоңкыргыз айылынын элбашчысы, улуту тажик Гайнидин Давлатбеков азыркы учурдагы социалдык абал, кыргыздар менен тажиктердин мамилелери тууралуу биз менен кыргыз тилинде аңгемелешти.

- Гайнидин мырза, айылыңыздардагы кыргыз-тажик элдеринин жашоо шарты, өз ара мамилелери тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Чоңкыргыз кыштагында азыр 400гө жакын түтүн жашайт. Алар негизинен кыргыз жана тажик улуттарынын өкүлдөрү. Кадим замандардан бери босоголош жашап келаткан бул адамдар бири-биринин тилин жакшы билишет. Мамилелери да бекем. Кыз берип, кыз алышат. Бизде жашаган эл жайы бою өзүлөрүнүн жумушу менен алек болушуп, кыш мезгилинде эч кандай иш жок, жаш-кары дебей бары жумушсуз калышат. Бизде ишкана, завод-фабрика деген жок. Бирок, элдердин ортосунда бекем достук ынтымагы, ызат урматы бар. Тыштан келген меймандары өзүлөрүнүн илгертен бери калыптанышып калган тажик-кыргыз салттары менен күтүп алышат.

- Кийинки жылдарда мамлекет тарабынан улгайгандарга пенсия, балдарга пособие төлөнүп жатабы?

- Жумуруятыбыздын экономикалык бедели азырынча начар. Берген пенсиясы бир кап унга да жетпейт чындыгында. Мисал үчүн мен өзүм 35 сомон ала турган болсом, бул сумма бир кап унга жетип жетпеген акча. Ал эми мындан да аз пенсия алган адамдардын саны арбын. Көпчүлүгү 6-7-15 сомондон алышууда.

- Жаш балдарга пособие берилбейт. Бирок, окуу куралдарын сатып алуу үчүн окуучуларга квартал сайын эки сомондон акча бөлүнүп турат.

XS
SM
MD
LG