Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

БҮГҮН - КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШ КҮНҮ


24-март - кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күнгө карата Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынын кургак учукка каршы күрөшүүнүн программаларын ишке ашырып жаткан эларалык уюмдар калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү.

Саламаттыкты сактоо тармагында кургак учукка каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жер-жерлерде ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Кургак учукка каршы күрөшүү аракетин көрүп жаткан эларалык уюмдардын программалары камтылган китепчелер акысыз таратылды. Бул күнү саламаттыкты сактоо министрлигинде кургак учук боюнча окумуштуу-адистер чогулган илимий конференциясы болду. Кургак учук илим изилдөө институтунун адистери «Кабар» агенттигинде журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда республикалык кургак учук илим изилдөө институтунун директору, профессор Афтандил Алишеров маалымат берди:

- 1882-жылы 24-мартта Роберт Кох деген окумуштуу кургак учуктун таякчасын тапкан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул күндү кургак учукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыялаган. Кыргызстанда кургак учук оорусу боюнча абал кыйла оор. Анткени бул дартка ар бир 100 кишинин 50сү чалдыкса, ал мамлекетте кырдаал оор деп белгилешет Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Ошондон улам Кыргызстанда 2003-жылы 100 миң кишиге салыштырганда 123 адам бул дарт менен катталган. Бул цифраны оорунун өсүш темпи азайды деп белгилеп жатабыз. Анткени үч-төрт жыл илгери 100 миң адамдын 127-129у ооруп келген. Кургак учуктун оор түрү менен катталагандар жана бул оорудан майып болуу да азайгансыды.

Ага Бириккен Улуттар Уюмунун жана өкмөттүн көмөк көрсөтүүсү абалды жеңилдеткенсиди.

Маалымат жыйынында түрмөдө отургандар арасында кургак учук оорусунун жайылган фактысы журналисттердин көңүлүн бурду. Кыргызстанда Жаза аткаруу мекемесине караштуу 34 түрмө болсо, алардын төртөө кургак учук менен ооругандардын түрмөсү болуп эсептелет. Ал түрмөлөрдө жазасын өтөп жатышкан эки жарым миңдей атуул бар. Жазык аткаруу мекемесинен алынган маалыматта акыркы жылдары түрмөдө жазасын өтөп жаткандардан кургак учук менен өлгөндөрдүн саны бир аз азайган. 2002-жылы 3129 адам каза тапкан. Ал эми 2000-жылы 4531 адам өлсө, 2001-жылы 7554 адам кургак учуктан түрмөдө отуруп навыт болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин айтымында Бириккен Улуттар Уюмунун кургак учуктун жайылышына бөгөт коюу аракеттери натыйжасын берип жатат деген ойдо. Анткенге БУУнун глобалдык фондунун 2 миллион 800 миң долларлык грантын Кыргызстандагы кургак учук изилдөө институту утуп алган. Адам өмүрүнө коркунуч туудурган СПИД жана кургак учук жугуштуу илдетинин кесепеттерин жана бул оорунун коркунучтуулугу тууралуу Бириккен Улуттар Уюму тарабынан маселе курч коюлуп, кургак учукка каршы күрөшүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Кургак учук жугуштуу оору менен күрөшкөн кызматкерлердин төрт пайызы кургак учукка чалдыкканы айтылып жүрөт. Ал эми айлык акынын аздыгынан бул кызматты таштап кеткен адистердин көбөйүшү да ортого салынды илимий конференцияда. Жарыбаган айлык маяна тууралуу саламаттыкты сактоо министри Миталип Мамытов да мойнуна алып: «дегеле медицина кызматкерлеринин айлык маянасы жарыбаган айлык» деп эсептээрин айтты. Ал эми кургак учук ооруканасында иштеген дарыгерлердин алган айлыгы, жасаган кызматына татыбайт» дейт министр М.Мамытов.

Кургак учук боюнча дарыгерлердин айтымында абактардагы абал менен Россия, Казакстандагы соода-сатык менен жүргөн атуулдардын абалы олуттуу тынчсыздандырууну жаратып келет. Соодагерлер арасында кургак учук оорусу кеңири жайылгандыгын ырасташты.

XS
SM
MD
LG