60 жаштагы Мохаммад Расул Хошбин Кандагар шаарында туулуп өскөн. Ал мындан 14 жыл илгери аялы менен беш баласын алып, алгач Пакистанга качып, андан кийин АКШнын Нью-Йорк шаарына отурукташкан. Өткөн айда Хошбин Ооганстанга кайтып келип, аскерий котормочу болуп жалданып иштей баштады.
Азаттыктын кабарчысы менен болгон маегинде Хошбин 1991-жылы Ооганстандан кетип жатканда ал жерде ата-энеси, эки бир тууганы, жээндери калганын айтып берген. Алардын бардыгы тең советтик оккупация жана андан кийинки согуш-жаңжалдар маалында набыт болду.
Талибан режими кулагандан бери мекенине кайтып келип жаткан ооган диаспорасынын көпчүлүк өкүлдөрү сыңары эле Хошбин туулуп өскөн жериндеги кайра куруу иштерине катышууну каалаганын айтат. “Анын үстүнө, бизге бир кезде жардам берген өлкөгө - АКШга да керегим тийди”, - дейт Хошбин:
- Кошмо Штаттарында жашап жаткан оогандыктарга айтаарым – бул жерге келип, Ооганстанга кызмат өтөгүлө. Америка өкмөтү жана эли менен болгула, анткени алар АКШга агылган оогандарды жардамсыз калтырган эмес. Биздин өлкөбүз оор кезеңди башынан кечирип, согуш оту алоолоп, адамдар кырылып жаткан кезде Америка бизге баш калка берген. Америка бизге болгон мүмкүнчүлүктөрдү берген. Эми биз ыраазычылызыбызды көрсөтүп, кыйын шарттарга карабай, Ооганстанды калыбына келтирүү иштерине катышуубуз зарыл, - деди Хошбин Америкадагы жердештерине кайрылып.
Америкалык оогандар көбүнесе котормочулук иштерине тарытылууда. Алар гуманитардык, жарандык, социалдык тармактагы эл аралык уюмдар менен кызматташат. Дээрлик баардыгынын тең Американын да, Ооганстандын да атуулдугу бар.
Хошбин башка котормочулардан 30-35 жаш улуураак. Аскерий унаа минип алып, талкаланган жолдор менен жүрүү, албетте, улгайган киши үчүн оңой эмес. Бирок бала чагынан бери Америкада өскөн жаш жигиттерден айырмаланып, Хошбин жергиликтүү аксакалдар менен оңой эле тил табыша алат. Айыл-кыштактарда аны адатта кандайдыр бир урматтоо менен кабыл алышат.
Хошбин өзү кесиби боюнча тилчи- мугалим болгонуна карабай, башында аскерий лексиканы түшүнө албай жүргөнүн айтат:
- Мен чындап эле АКШ армиясынын атайын сөздөрүн, шарттуу кыскартылган аталыштарды, кыскасы аскерий тилди түшүнө албайм. Бул диалектти үйрөнүү кызык болоор эле. Бул өзүнчө эле бир башка билим.