Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

ЖАРЫБАГАН АЙЛЫККА ПЛАН КУБАЛАГАН МИЛИЙСА


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргыз милициясынын айлыгын былтыр президент Аскар Акаев 50% көтөргөн. Бирок бул жардам деле милиция кызматкерлеринин жашоосун өзгөртө алган жок. Байкоочулардын баамында жарыбаган айлыкка жогортон бекитилген планды аткаруу милдети тартип сактоочуларды мыйзамсыз кадамдарга түртүп келет.

Милиция формасын жаңы кийген жигит 700 сом айлык алып иштечү. Президенттин былтыркы жарлыгынан кийин катардагы милиция кызматкерлери 1000 сомдун тегерегинде айлык алып калды. Мыйзам боюнча 5 жыл иштеген сайын маянасы 5% көбөүйп турат. Анан офицердик курамга киргенде, чин алган сайын акча кошулат. Бирок ошондо да 5 миң сомдон ашпайт.

Ички иштер министрлигинин курамынын коопсуздук кызматындагылар менен аскер адамдарыныкынан жеңилдиктери азыраак. Кошумча тамак-ашка ички иштер кызматкерлери болгону 250 сом алса, коопсуздук кызматы менен коргоо министрлигинин бул максатта айына алганы 1000 сомго чыгат.

Ошондой эле милициялар электр энергиясы, суу, жылуулук өңдүү чыгымдар үчүн 50% жеңилдик алышат. Бирок совет убагындагыдай жол кире бекер болбой калды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдун айтымында, айрыкча старшинага чейинки курамдагы жигиттердин акыбалы абдан оор. Эки-үч балалуу үйбүлө үчүн 1000 сом күнүмдүк нанына жетеби же батирге төлөгөнгө кетеби?

Мына ушул жагдай көп учурда милиция кызматкерлерин ар кыл кылмышка түртүп, элди коргобой эле кордогонго мажбур кылып атканын айтышат. Былтыр бир жыл ичинде эле милиция кызматкерлинин үстүнөн 2 миңден ашык арыз түшкөн. 70тей тартип сактоочуга кылмыш иши козголгон экен. Бул кесипти бала кезден кыялданып, самап жүргөндөр да жарыбаган айлыкты көргөндө жаа бою качышууда.

Ички иштер министринин орун басары Болот Ногойбаев маянанын аздыгы, социалдык жактан коргоонун алсыздыгы милициянын катарына татыктуу, билимдүү балдарды көбүрөк тартканга жол бербей атканын айтат. Ал эми минитсрликтин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов жаңы келген адистерди шыктандырар шарттардын жоктугун белгилейт. Анын оюнда башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй шарттар киргизилгенде бул кесипти ардактап, өмүр бою колдон чыгарбаганга аракет кылууга үйрөнүшмөк. Бузурманкулов мырза Америкадагы бир мисалды келтирди. Ал жакта ички иштер органдарында жүрүп кайсы бир тартип бузуусу үчүн системадан чыгарылган адис башка эч жерде жумушка алынбайт.

Кыргыз милициясын соңку кезде сындаган пикирлер өтө арбын. Кетип аткан кемчиликтердин тамырын материалдык акыбалдан гана көрбөгөндөр бар. Кыргызстандын Акыйкатчысы тартип сакчылар өздөрү мыйзамсыз жорукка барып, бирөөнүн кылмышын бирөөгө илип, күчкө салып да болсо мойнуна алдырткан учурларды баса көрсөтөт. Анын оюнда кыргыз милициясы жарыбаган айлык алганы аз келгенсип, жогортон келген обужок айлык-жылдык пландар менен алупурушканына тынчсызданат.

Турсунбай Бакир уулу ички иштер органдарындагы план толтуруу системасын жоймойун милиция кызматкерлери жетекчилигине жагыш үчүн аргасыз мыйзамсыз иштерин уланта берет деген ойдо. Жакында акыйкатчы мамлекет башчыга жана министрликке кайрылуу жөнөткөн. Анда социалдык мелдеш өңдөнгөн план толтурууну жок кылууну өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG