Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Чыр-чатаксыз жашоого чакырган спектаклдин премьерасы коюлду


ЖАЛАЛАБАД. Италиялык жазуучу Карло Галдонинин "Коңшулардын чатагы" аттуу комедиясын Барпы театры менен Өзбекстандын Фергана облустук театрынын актерлору өз эне тилдеринде аткарышты. Спектакль эки өлкөнүн ортосунда чек ара, суу, жай, жер проблемалары болгону менен, кошуналарга тынчтыкта жашоо зарыл экендигин кыйытты. Облустун губернатору, кыргыз-өзбек чек ара райондорунун акимдери, өкмөттүк жана эл аралык уюмдар Эл аралык театр күнүндө жаңы оюн тартуулаган өнөрпоздорго ыраазы болушту. Спектакль Швейцариянын кызматташуу жана өнүгүү агенттиги колдогон облустагы Тынчтыкты сактоо, Өзбекстандагы "Тараккиёт" уюмдары менен Италиянын Өзбекстандагы элчилигинин колдоосу астында даярдалган.

XS
SM
MD
LG