БИШКЕК. ОШ шаарында «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму тарабынан өткөрүлгөн үч күндүк жыйын аяктады. Ага Кыргызстандын, КМШнын айрым өлкөлөрүнүн бейөкмөт уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ага катышкан Гузиянын парламентинин өкүлү Отар Канделаки менен Азербайжандын журналист-экономисттеринин кеңешинин төрагасы Губад Байрамов Грузия менен Азербайжандагы азыркы саясий-экономикалык абал, бул өлкөлөрдө коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору жөнүндө кеңири маалымат беришти. Отар Канделаки белгилегендей, учурда Грузияда коррупцияга каршы күрөшүүгө атуулдук коом жигердүү катышууда жана учурда бир катар министрлерге кылмыш иштери козголуп, камакка алынды. Жыйында Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүдө атуулдук коомдун катышуусун актидештирүүнүн, КМШ өлкөлөрүнүн бейөкмөт уюмдары тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди алып баруунун зарылдыгы жөнүндө айтылды.