Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Мадридде поезд жардырган деп шектелгендер камакка алынаарда өздөрүн жардырып жиберишти


Өздөрүн жардыргандар канча киши экени тактала элек. Испаниянын ички иштер министри Анхел Ацебес мындай деди:

- Азырынча өз жанын өзү кыйган шектүү террорчулардын үчөөсүнүн сөөгү табылганын гана айта алам. Бирок мындан да көп санда сөөк чыгышы мүмкүн.

Министрдин билдиришинче, 11-марттагы жардыруулардын башкы уюштуруучусу деп шектелген киши да ажал тапты.
Шектүү кылмышкерлерди полициячылар Мадриддин сыртындагы Леганес шаарчасында, батир үйдө курчоого алышкан эле. Полиция кирүүгө аракеттенгенде батирдегилер арабча кыйкырып, ок ачышты жана бомба жардырышты.
11-мартта Мадридде 10 жерде поезд бомбаланып, 191 киши каза болгон. Бул окуялар боюнча Испанияда 15 киши камакка алынган. Марокконун жана Тунистин 6 атуулуна эл аралык издөө жарыяланды. Жума күнү полиция Мадридден 60 чакырым алыс жерде поезд жолунун түбүнө катылган бомба тапкан эле.

XS
SM
MD
LG