Буга байланыштуу кечээ Рим папасы Иоан Павел II Ватикандагы Ыйык Петр аянтында өткөргөн таат –ибадатка 40 миңдей адам чогулду. Бул жолку диний жөрөлгө күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өттү. Жакында массалык маалымат каражаттары Италиянын чалгын кызматында Пасха майрамы учурунда Рим папасына каршы терракт жасалышы мүмкүн деген кабарлар бар экенин маалымдашкан эле. Пасха жумалыгынын башталышындагы жекшемби христиандарда Иса пайгамбар дарга асылаардан мурда Иерусалим шаарына кирген күн катары эсептелет.
Кечээ Иерусалимде да жүздөгөн христиандар шаарда жүрүш жасашты. Диний жөрөлгөлөр бир жумага созулат жана келээрки жекшемби, дүйшөмбү күндөрү христиандар Иса пайгамбар дарга асылгандан кийин кайра тирилип, бейишке чыккан күндү майрамдашат.