Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Орусиялык окумуштуу Игорь Сутягин тыңчылык кылган деп табылды


Мындай чечим Москванын шаардык сотунда кабыл алынды. ФСБнын ырастоосунда, Сутягин АКШнын Борбордук чалгын кызматы үчүн иштеген британиялык компанияга Орусиянын суу алдында жүрүүчү кемелери жана ракетадан коргонуу системасы боюнча жашыруунун маалыматтарды берген. Ал эми окумуштуунун өзү эч качан жашыруун сырларды алуу укугуна ээ болбогонун жана ачык маалыматтарды гана колдонгонун айтып келүүдө. АКШ жана Канада институтунда курал-жарак боюнча изилдөөчү катары иштеген Сутягин 1999-жылдын соңунан бери камакта. Ал эми 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Быйыл жыл башында адам укугун коргоочу эларалык уюмдардын төртөөсү Европа Кеңешине окумуштуу саясий жүйөөдөн улам айыпталып жатканын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG