Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Орусиялык окумуштуу 17 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн


Он жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болгон орусиялык окумуштуу Игорь Сутягиндин адвокаттары өкүмгө каршы арыз берүүгө даярданууда. Он эки калыстан турган сот аны дүйшөмбү күнү күнөөлү деп тапкан жана өкүм эртең чыгарылууга тийиш. Сутягин Орусиянын Илимдер академиясында иштеген учурда суу алдында сүзүүчү атомдук кемелер тууралуу маалыматты чет өлкөлүктөргө сатып, мекенине чыккынчылык кылган деп күнөөлөнүүдө жана прокурор аны бүгүн 17 жылга кесүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG