Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Нарындын губернатору Аскар Салымбеков депутаттыкка ат салышаар ниетин билдирди


НАРЫН. 7-апрель күнү Нарын шаарындагы орто мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, окуу бөлүм башчылары кеңешме өткөрүшүп, анын ишине губернатор Аскар Салымбеков катышты. Кеңешмеде өткөн жылдагы билим берүү министрлигинин жана облустук акимчиликтин биргелешкен коллегиясынын токтомдорунун шаардык билим берүү тармагында аткарылышы тууралуу сөз болду. Губернаторго бир катар сунуштар, суроолор берилди. Берилген суроолордун бири саясий жагдайда айтылды.

Бул суроого губернатор депутаттык шайлоодо эгер эл колдосо өз талапкерлигин коё тургандыгын, мындан аркы ишмердүүлүгүн депутат катары туулуп өскөн эл-жерине арнагысы келээрин билдирди. Мындай билдирүүдөн кийин кеңешменин айрым катышуучулары губернаторду мугалимдер 100 пайыз колдошоорун айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG