Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

ПРЕМЬЕР ОТСТАВКАДАН АМАН КАЛДЫ. АЛ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР КАНДАЙ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кечээ (8-апрелде) Эл өкүлдөр жыйынында премьер-министрге ишеним көрсөтпөө маселесинин көтөрүлдү. Ага карата саясий чөйрөдө ар кандай пикирлер айтылууда.

Айрым саясатчылар бейшембиде парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары тарабынан премьер-министр Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени көтөрүшү негиздүү болду деген пикирлерин айтышса, кээ бирлери мындай көз караштарга макул эмес.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, “Алга, Кыргызстан” партиясынын өкүлү Карыпбек Алымкулов премьер-министр Танаевге ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселенин күн тартипке коюлушу негизсиз болду деп эсептейт:

- Кимдир бирөөгө өкмөт башчысы жакпай калса эле ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүү менимче, туура эмес. Парламенттин ишинде деле кемчиликтер көп. Николай Танаев өмүр бою иштеген өндүрүшчү. Анын тажрыйбасы көп. Ошондон пайдаланып аны иштетиш керек .

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев тескерисинче, Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө маселесинин көтөрүлүшү туура жана бул маселеге өлкө башчысы да көңүл бурушу керек деген пикирде:

- Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө боюнча маселе абдан актуалдуу жана негиздүү деп эсептейм. Эл өкүлдөр палатасынын Танаевдин жетекчилигиндеги өкмөткө болгон мамилесин, анын ишине берген баасын президент эске алышы керек. Эгерде аны эске албаса бул - элдин пикирин эске албагандыкка тете болот .

Атуулдук коомдун айрым өкүлдөрү да депутат Текебаевдин пикирине үндөш көз караштарын билдиришүүдө. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” уюмунун жетекчиси Эдил Байсалов минтет:

- Менин оюмча, Николай Танаевдин жана анын башчылыгындагы өкмөттүн айрым жумуштары үчүн, ошондой эле, премьер-министрдин жана өкмөттүн бир нече жолу Конститиуцияга, мыйзамдарга каршы келген кадамдары, коррупциялык аракеттери үчүн мындан мурда эле ишеним көрсөтпөөгө убакыт келген.

Ал эми премьер-министрдин парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Мырза Капаров мыйзам боюнча жыйын өкмөттүн жылдык отчетун угуп, ал канааттандырарлык эмес деп табылганда гана өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси коюлушу мүмкүн дейт:

- Эгерде палата ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алганда деле менин оюмча, ал - мыйзамсыз болуп калмак ,-деди М. Капаров.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын сентябрь айында парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында да Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө көтөрүлгөн эле. Анда бул маселе өкмөт башчысынын Бишкектеги Алатоо аянтындагы Лениндин эстелигин которуу жөнүндөгү токтому мыйзамга каршы келгендигине байланыштуу болгон. 42 мыйзамчы-депутаттын добушу менен бул маселе жыйындын күн тартибине киргизилип, добушка сала келгенде ишеним көрсөтпөөнү 29 гана депутат колдогон.

8-апрелде болсо Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары тарабынан Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө маселеси өкмөттүн борбор калаадагы Тынчтык көчөсүндөгү АКШ элчилигине жакын жерде өлкөнүн маданий-административдик-ишкер борборун куруу тууралуу чечимине байланыштуу болду. Палатанын айрым депутаттары бул борборду курууга бөлүнгөн жер менчик фирмаларга берилүүдө жана андан бийлик өкүлдөрү ар кандай жолдор менен пайда көрүшү мүмкүн деген пикирде. Депутат Исхак Масалиев бул боюнча мындай дейт:

- Маданий-административдик ишкердик борборун курууга өкмөттүн токтому менен 162 гектар жер бөлүнүп берилген. Бир топ адамдар бул жерге комплекс курабыз деп кандайдыр бир пайда көрүшү мүмкүн.

Депутат Исхак Масалиевдин мындай пикирине карата өкмөт аппаратынын курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Жекшенбек Шайымбетов төмөнкүлөрдү билдирди:

- Чынында эле административдик-маданий бооборду курууга 162 гектар жер бөлүнгөн. Азыр ал жер эч кимге бериле элек. Бул жердин 18 гектарына административдик-маданий борбор курулат. Өлкөнүн бүджөтүндө акча жок болгондугуна байланыштуу бул борбор чет элдик инвесторлордун эсебинен курулат. Бул жерде спорттук оюндар ойнолчу, ишкерлер форумдарды өткөрүлчү жана башка максаттагы имараттар салынат. Ал жерде эч кандай жеке адамдардын кызыкчылыктар жок. Азыр Кыргызстан көп мамлекеттер менен байланыштарды түзүп жатат. Көпчүлүк учурларда өлкө президенттерин, ири ишкерлерди орноштурууга шарттарыбыз жок болуп калып атат. Бул борбор эларалык талаптарга ылайык курулушу керек , -дейт өкмөт аппаратынын өкүлү.

Палатанын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары маалымдашкандай, 8-апрелде палатада кабыл алынган “Маданий административдик ишкер борборун” куруудагы иштери үчүн премьер-министрге ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом палатанын кийинки сессиясына чейин президент тарабынан каралышы керек.

XS
SM
MD
LG