«Азаттыктан» мурда кабарлангандай, 9-апрелде Кыргызстандын Жогорку соту Аксы окуясы боюнча буга чейинки Аскердик соттун өкүмүн күчүндө калтырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн толук актады. Аксы окуясы боюнча аткаруу бийлигинин Жалалабад облустук жана Аксы райондук деңгээлдеги жети өкүлү 2002-жылдын 28-декабрында Ош горнизондук соту тарабынан «митинг, пикет өткөрүүгө жолтоо болгон» деген айып менен соттолушуп, 2003-жылдын 16-майында өлкөнүн Аскердик соту тарабынан толук акталышкан.
Аксыдан шайланган депутат, оппозициячыл “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун пикиринде, Жогорку соттун мындай өкүмү «Чубактын кунундай чубалган» Аксы окуясына соңку чекитти койбой, окуяны кайра ырбатты:
- Жогорку соттун өкүмү жарыяланган күн бийлик үчүн майрам күн болду. Жетинчи этаждагылар такыясын көккө ыргытып сүйүнүп жатышат. Ал эми биз үчүн соттук жараяндар жаңы гана башталды. Анткени биз буга чейин эле кыргыз сотунун адилеттигине ишенген эмеспиз. Бирок эл аралык сотко кайрылыш үчүн каалайсыңбы, же каалабайсыңбы, бул жолду басып өтүшүбүз керек эле. Эми эл аралык сотко кайрылууга жол ачылды. Биз бул сот жараяны учурунда керектүү документтерди толук топтодук. Чыныгы сот жараяны эми башталат.
7-мартта Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси иш сапары менен келди. Ал президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары жана башка бир катар жогорку мамлекеттик жетекчилер менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда өткөн маалымат жыйынында Соломон Пасси Кыргызстан улуттар аралык ынтымактыкты сактоодо ийгиликке жетишкендигин белгилеп, «Кыргызстандын мамлекет башчысын жана өкмөтүн өлкөдөгү демократиялык жетишкендиктери менен куттуктайым», - деген жылуу пикирин билдирди. ЕКК уюм жетекчисинин Кыргызстанга берген мындай баасы өлкөдөгү айрым саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратты.
Соломон Пассинин иш сапары тууралуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Басалов өз оюн ортого салды:
- Мындай төрагалыкка абдан нааразы болдум. Менин оюмча ЕККУнун төрагасы Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы кырдаалды билбестигин билдирди. Анткени Кыргызстанда саясий туткундар бар экендиги, маалымат каражаттарына куугунтук болуп жаткандыгы баарына ачык жана айкын.
Өтүп бараткан аптада Эл өкүлдөр жыйынынын он тогузунчу сессиясы өз ишин аяктады. Эл өкүлдөр жыйыны 8-апрелдеги отурумунда Бишкектеги «Маданий-административдик борбор» курууда бир катар мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн өкмөт башчы Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө маселесин палатанын күн тартибине киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Мындай токтом кабыл алууга 32 депутат добуш берди. Ишеним көрсөтпөө тууралуу жашыруун добуш берүүгө келгенде, төрт добуш жетпей, өкмөт башчы өз кызмат ордунда калды. Буга байланыштуу Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттары азыркы өкмөт башчысы мындай добуш берүүдөн кийин иштөөгө моралдык акысы жок экендигин айтышууда. Мындай пикирге аткаруу бийлигинин өкүлдөрү макул эмес. Өкмөт башчынын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Мырза Капаровдун айтымында, мындай сунушту добушка коюунун өзү натуура болчу.
Ушул аптада Бишкектин Ленин райондук сотунда «эл аралык антитеррордук коалициянын «Ганси» авиабазасын жардырууну көздөшкөн» деген доо менен кармалган төрт кишинин (үч кыргызстандык жана бир казак атуулунун) сот жараяны улантылды. 9-апрелде айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Алар «Ганси» авиабазасын жардырууга эч кандай ниеттери болбогондугун айтып, коюлган доолордун негизсиз экендигин айтышты. Сотту алып барып жаткан судья 12-апрелге чейин тыныгуу жарыялады. Айыпталуучулардын жакындарынын айтымында, сот өз өкүмүн дүйшөмбү күнү жарыялашы күтүлүүдө.
Ал арада Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрдү. Бакир уулу «Хизбу-т-Тахрир» уюмунун ишмердүүлүгү менен жакшы тааныш экендигин айтып, бул уюм Өзбекстандагы соңку террордук жардырууларга катышы жок деген пикирин билдирди:
- Ал эми бул жардырууларга "Хизбу-т-Тахрирдин" тийешеси жок деп ойлойм. Себеби бул уюмдун программасында күч колдонуу деген жок. Мына, Алматыдагы окуяга байланыштуу аларды күнөөлөштү эле, далилденген жок. Бишкекте деле камакта жаткандардын кылмыш иши менен тыкыр таанышкам, эч кандай түздөн түз далил жок.
«Азаттык» үчүн курган маегинде Т. Бакир уулу «хизбу-т-тахрирчилердин» ислам халифатын куруу идеясына өзүнүн каршы экенин да айтты.