Бириккен Улуттардын Ирак боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахиминин айтымында, 30-июнда америкалыктар Ирактагы бийликти ирактыктарга өткөрүп бергенден кийин өлкөдө улуттук жыйын куруш керек болот. Ал жыйын жаңы убактылуу өкмөт менен кошо 2005-жылдын январына белгиленген шайлоону даярдайт:
- Менин түшүнүгүмдө, эгемендүүлүк деген - оккупациянын расми түрдө аяктаганы. Жаңы эгемендүү өкмөт куралат жана ал эгемендүүлүктү камсыз кылат. Бирок албетте, түзүлгөн кырдаалды да унутпаш керек. Ирак эгемендүү болгону менен 1-июлдан тартып азыркы 150 миң аскер дароо өлкөдөн чыгып кете албайт.
Брахими Иракка мындан эки апта мурда келген.