БИШКЕК. Бүгүн күндүзгү саат 12де Ош областынын Карасуу районундагы Каттаталдык айыл өкмөтүнө караштуу Карасөгөт учаткасында жер көчкү болуп, анын астында мектепке бара жатышкан беш окуучу калды. Кырсык болгон жерге Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, анын орун басары атуулдук коргонуу башкармасынын башчысы Алмаз Камчыбеков жөнөп кетти. Алар менен кошо Оштогу куткаруучу батальондун бир бригадасы жиберилди. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка караганда, жер көчкүнүн көлөмү канча экени азырынча белгисиз.