Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:12

Жер көчкүдө калган балдар изделүүдө


БИШКЕК. 17-апрелде түш ченде Ош облусунун Карасуу районундагы Карасөгөт жергесинде жүргөн жер көчкүдө калган балдарды издөө жүрүп жатат. 18-апрелде экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, облус губернатору Накен Касиев кырсык болгон жерге барышты. 19-апрелде ал жерге өкмөт башчы Николай Танаевдин барышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Ош облусунун губернаторунун жардамчысы Жайылбек Дадиев билдирди. Анын айтымында, 17-апрелде жер көчкүдө калган беш баланын улуусу он төрт, кичүүсү 9 жашта болгон. Окуучулар мектепке бараткан учурда шагылдуу тоо көчүп кетип, басып калган. Жүргөн көчкүнүн көлөмү абдан чоң, деп белгиледи Жайылбек Дадиев.

Ал эми президент Аскар Акаев 17-апрелде болгон трагедияга байланыштуу өкмөткө куткаруу иштерин тезинен жүргүзүү жана жапа чеккендерге жардам берүүнү уюштурууга тапшырма берди. Мамлекет башчысы каза болгондордун ата-энелерине жана жакындарына кайрат айтып, алардын азасын тең бөлүшөөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG