Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

УКРАИНАДА ТЕЛЕРАДИОБЕРҮҮЛӨР ЖАЛАҢ УКРАИН ТИЛИНЕ ӨТМӨК БОЛДУ


Сапар Орозбаков, Прага Украинада тил маселеси абдан көйгөйлүү экендиги маалым. Өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик тил деп украин тили жазылган менен, иш жүзүндө элдин көпчүлүгү орус тилинде сүйлөшөт. Абалды оңдоо максатында Украинанын Телерадио берүүлөр боюнча улуттук кеңеши 19-апрелден тартып өлкөдө телерадио берүүлөрдү жалаң украин тилинде жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага нааразы болгондор арбын.

Украинанын атуулдарынын 67% өз эне тилим деп украин тилин эсептешет. Өлкөнүн Конституциясында да жалгыз гана украин тили мамлекеттик тил деп жазылган. Бирок иш жүзүндө башка улуттарды айтпаганда да, украиндердин өздөрү, өзгөчө өлкөнүн чыгышындагы жана түштүгүндөгү украиндер орус тилинде сүйлөшөт. Украинанын Телерадио берүүлөр боюнча улуттук кеңешинин изилдөөлөрү украин тилине биринчилерден болуп кам көрөт деген өлкөнүн массалык маалымат каражаттары да мамлекеттик тилге жетиштүү көңүл бурушпастыгын көрсөткөн:

- Биз өткөн жылдын күзүндө 8 облусту - Крым-Севастопол, Харьков, Днепропетровск, Донецк, Запорожье, Дон, Луганск жана Могилев облустарын изилдеп көрсөк украин тилиндеги радиоберүүлөр 14%дан 46%га чейин түзөт экен. Өзүңүздөр билгендей, бул кооптонто турган көрүнүш, –дейт аталган кеңештин төрага орун басары Виталий Шевченко.

Кеңештин төрагасы Борис Холоддун айтымында, эгерде украиндер улут катары жок болуп кетүүнү каалашпаса өз эне тилин коргоого алышы зарыл. Бирок аны коргоонун жолдору саналуу гана. Алардын бири - массалык маалымат каражаттарын украин тилинде сүйлөтүү дейт Борис Холод:

- Бул маселе улуттук кеңеш түзүлгөн 10-жылдан бери биринчи жолу көтөрүлүп жатат. Биздин көз карандысыз мамлекетте украин тили жалаң гана теледе жана радиодо эмес, баардык массалык маалымат каражаттарында олуттуу маселе болуп эсептелет, - дейт Борис Холод.

Украин тилин колдоо боюнча буга чейин деле бир нече жолу чечим кабыл алынган. Мисалы, өткөн жылы рекламаны сөзсүз түрдө украин тилинде жарыялоо тууралуу мыйзам кабыл алынган болчу. Бирок ал чечимдер күткөндөй натыйжа берген жок. Ошондуктан кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик тилдин мамлекеттик органдар жана массалык маалымат каражаттары тарабынан колдонуусун такай көзөмөлдөп туруучу атайын орган түзүү зарыл экендигин айтышат. Бирок кеңештин мындай чечимин орусиялык саясатчылар сын көз менен кабыл алышты. Алар Украинада орус тилин коргоого алуу керек деп чыгышууда. Улуту боюнча грузин, грузин тили менен катар украин тилинде да ыр жазган, аталган кеңештин мүчөсү Рол Чилахава коргоого орус тили эмес, украин тили муктаж деп эсептейт:

- Мен орус тили үстөмдүк кылган транспорт жана көчөлөрдү айтпай эле койоюн, жадагалса украин тили жана адабияты боюнча мугалимдер да өздөрүнчө сүйлөшкөндө орусча сүйлөшөт.

Чилахава Теле жана радио берүүлөр боюнча улуттук кеңештин чыгарган чечими башка улуттардын кызыкчылыгына каршы келбесин, анда этникалык азчылык жашаган райондордо теле жана радиоберүүлөрдү өз тилинде жүргүзүүгө уруксат берген жобо бар экендигин белгилейт.

Улуттук кеңештин теле жана радио берүүлөрдү украин тилинде жүргүзүү тууралуу чечими өлкөнүн өзүндө да сынга алынууда. Орус тилдүүлөр көпчүлүктү түзгөн облустардан колдоо тапкан Коммунисттик партиялардын өкүлдөрү украин тили боюнча бул маселе өлкөдөгү улуттардын бири-бири менен араздашуусуна алып келет деп айтып жатышат. Көптөгөн журналисттер да ага нааразы болушууда. Бирок улуттук кеңеш өз позициясында азырынча бекем турат:

- Биздин жумушчу топ маалыматтарды жыйнады. Ага ылайык Украина - башка өлкөнүн тили тепсендисинде өз тилин жоготуп бараткан Европадагы бирден бир өлкө, - дейт Шевченко.

XS
SM
MD
LG