Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Пхеньяндын атомдук программасы 12-майда Пекинде кайра талкууланат


Бул тууралуу Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орунбасары Ли Су-Хюк билдирди. Сүйлөшүүлөргө катышып жүргөн алты өлкөнүн – түндүк жана түштүк Кореянын, АКШнын, Кытайдын, Япониянын жана Россиянын - өкүлдөрү жаңы жолугушууга катышарын ырасташты. Сүйлөшүүлөр канчага созулары жана анын башкы темасы макулдашылган жок, тараптардын ар бири проблеманын тиги же бу өңүтүн талкуулоону сунуш кыла алат, деп билдирди Ли. Мурдагы талкууларда тараптар орток пикир таба алышкан эмес. Пхеньян өзүнүн атомдук программасын толук токтотуу үчүн ири суммадагы акчалай компенсация жана коопсуздук кепилдигин талап кылган.

XS
SM
MD
LG