Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Түркияда тогуз адам террорчу катары шектелүүдө


АНКАРА. Түркиянын соту 9 адамга НАТОнун июнда боло турган Стамбул саммитинин учурунда терракт уюштурууга даярданган деген айып такты. Бурс шаарында баш-аягы 16 киши кармалды. Алардын жетөө бошотулду. Полициянын маалыматына караганда, камалгандар “ал-Каида” террордук тобу менен байланышы бар "Ансар аль-Ислам" уюмунун өкүлдөрү болушкан. Шаардын губернатору Огаз Каган Коксалдын айтымында, кармалгандар синагоганы жардырууну жана банкты тоноону пландаштырышкан.

 

XS
SM
MD
LG