Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Тажикстан кыз-келиндердин сексуалдык кулчулугуна каршы күрөш жүргүзүүдө


Дүйшөмбү шаарында бүгүн тажик өкмөтү менен Эл аралык миграция уюму ортосунда атайын келишимге кол коюлду. Ага ылайык, Тажикстандан кыз-келиндерди чет өлкөлөргө тымызын алып чыгууга биргелешкен күрөш жүргүзүлөт жана уюм ага техникалык жардам берет. Тажик кыз-келиндери негизинен Бириккен араб эмираттарына, Израил, Орусия жана Түркияга алып барылат. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандан келген 470 кыз-келин азыр Бириккен араб эмираттарынын абактарында жатат.

XS
SM
MD
LG