Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Жумгалда саламаттык сактоо тармагы реформалана баштады


БИШКЕК. Кыргызстанда саламаттык сактоо реформасын жүргүзүү багытындагы иш чара республиканын эң жакыр аймагы Нарын облусунан башталды. Учурда облустагы Жумгал районунда оорукана, амбулатордук бөлүм, мончо курулуп, айрым айылдар таза суу менен камсыз болду. Бул иштер жугуштуу оорулардын алдын алууга шарт түзөт. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын реформалоону колдоо боюнча Кыргыз-Швейцар” долбоорунун аткарылып жаткан иштерине байланыштуу Бишкекте өткөн жыйында Швейцариянын Кызыл чырым уюмунун долбоорунун менеджери Тобиас Шутц билдирди. Жыйынга катышкан медицина кызматкерлери Нарын облусунда, айрыкча Жумгал районунда бруцеллез, аракечтик, аз кандуулук, организмде туздун жетишсиздиги сыяктуу ооруларга каршы күрөшүү жана аны жоюу багытындагы иштер алгылыктуу жүрүп жатканын белгилешти.
Аталган долбоор 2001-жылдан 2008-жылга чейин толук ишке ашырылышы керек. Учурда Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн 12 млн. өлчөмүндөгү АКШ долларынын 8 млн. иштетилген. Долбоорго ылайык кезекте Талас облусунун саламаттык сактоо тармагында реформалоо иштери башталмакчы.

XS
SM
MD
LG