Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылды


БИШКЕК. Турак жай маселеси жана жер укугу боюнча эл аралык "Хабитат" уюму менен Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм кыргыз бийлигине 12-майда кайрылуу жолдоду. Анда 30-мартта Бишкектеги эт комбинатына таандык имаараттан 64 үй-бүлөнүн күч менен айдалып чыгарылышы айыпталган. Эл аралык уюмдар куулуп чыккан атуулдардын кол тийбестигин камсыздап, аларга башпаанек таап берүү жана бул окуяны терең иликтеп, ага жол бергендерди мыйзамга ылайык жоокерчиликке тартуу талабын кыргыз бийлигине айтышкан. Имараттан куулуп чыккан атуулдардын укугун коргоп келген укук коргоочу Турсунбек Акундун маалымдоосуна караганда, бийлик тарабынан, өзгөчө Ленин райондук акимчилиги тарабынан ал атуулдарга жардам берилүүдө. Учурда акимчилик ачык асман астында күн көрүп жаткан 30дан ашуун атуулга жер участогун бөлүп берүү аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG