БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте 7 бейөкмөт уюм кирген кеңеш БУУнун «Аялдарды басмырлоонун бардык көрүнүштөрүн жоюу конвенциясын» аткарууга арналган «тегерек стол» жыйынын өткөрдү. Жыйын аталган эл аралык конвенцияны ишке ашыруу боюнча беш багытта талкуу жүргүзүп, аялдардын саясий укугу, адам сатуу, жыныстык саламаттыкты сактоо боюнча маалымат айтылды. Аялдарды жашыруун басмырлоону жоюу үчүн улуттук мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү жана кадр саясатын жүргүзүүдө аялдардын укугун эске алуу керек деген сунуштар өкмөткө жолдонду.