Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Германиядагы фонд жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга көмөктөшөт


БИШКЕК. Германиянын Ханс Зайдель атындагы фонду Кыргызстандын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын өнүктүрүү үчүн 8 миллион евро бөлдү. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана региондорду өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев билдирди. Анын маалыматына караганда, берилген каражат жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн адистерди даярдоого жумшалат. Ал адистер президенттин башкаруу академиясында окутулуп, фонд берген каражатка 500-600 адис окутулаары болжолдонууда. Төлөбек Өмүралиевдин айтымында, өлкө боюнча азыр 7 миң адисти окутуу зарылдыгы бар.

XS
SM
MD
LG