Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

ИЗРАИЛДИН АСКЕРЛЕРИ РАФАХТАН КЕТИП ЖАТЫШАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Мындан үч күн мурда Рафахка кирген израилдик аскерлер кетип жатышат. Израилдин оор аскердик техникасы жума күнү таңы менен Газа тилкесинен да кете баштаганы маалымдалды. Палестин аймактарына Мисирден курал алып өтүү үчүн салынган жер алдындагы жашыруун өтмөлүктөрдү жок кылуу максаты менен киргизилген аскерлердин операциясында бери дегенде 41 палестин курман болуп, миңден ашуун тургундардын үй жайы талкаланып, көчөдө калышты.

Израилдин аскерлери мындан үч күн мурда басып алышкан Рафак менен Газа тилкесинен чыгып кете башташканын ырасташты. Ошону менен бирге эле жер алды өтмөлүктөрдү талкалоо операциясы соңуна чыга элек экенин жана аскерлер бул аймактарга кайра кириши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Бейшемби күнү Израил парламентинин депутаты аба чабуулунан коргоочу жана алыска учуучу ракеталар Мисир менен чектеш жайгашкан Рафахка эчак эле ташылып келип, Газа тилкесине жөнөтүлгөн болуу керек, деп тынчсызданды. Газага жеткирилген соң андай ракеталар менен Израилдеги обьекттерди опоңой эле аткылоо мүмкүн болот.

Ал эми Израилдин парламентинин тышкы байланыштар жана коргонуу комитетинин төрагасы Ювал Штайниц өлкөнүн телевиденисинен сүйлөгөн сөзүндө Израилдин өкмөтү бул операцияны өтө кеч баштап калганын жана андан майнап чыкпай турганын эскертти. Анын айтымында, палестиндер эбак эле аба чабуулдарынан коргонуу ракеталарынын, алыска учуучу, анын катарында, орустун "Катюшаларынын" ири өлчөмүн алып өтүп, Рафак менен Газадагы жашыруун кампаларга жыйып койгон.

"Израил андай операцияга палестиндер жөөт учагын атып түшүрүп, Газага чектеш Ашкелон шаарчасын катюшалар менен аткылай электе эле киришүүсү керек болчу. Болоору болгон соң жүргүзүлүп жаткан азыркы операция өлгөн кишини укалоого барабар",- деп нааразы болду Штайниц.

Акыркы үч жылдын ичинде Израил мындай рейддердин бир канчасын ишке ашырды. Аскердик командачылык ушул жолкусунда 90 туннел кыйратылганын билдирет. Бирок байкоочулар мындай аракеттер натыйжа берээринен күмөн санашат.

Андай туннелдер азыр эле пайда болуп калган жери жок, алар мындан 20 жыл мурда эле салына баштаган жана андай өтмөлүктөр аркылуу палестин аймактарына курал алып өтүү эчак эле жолго коюлган, дешет байкоочулар.

Израил болсо Мисирдин Синай чөлүндө Палестин аймагына жөнөтүү үчүн ири курал кору топтолгонун божомолдойт.

Туннелдерди жок кылуу максаты менен жүргүзүлгөн кандуу рейддин натыйжасында 41 палестин курман болду. Алардын ичинде карапайым палестиндер, аялдар жана балдар бар. 100дөн ашык турак үй талкаланып, миңден ашуун палестин бала-бакырасы менен көчөдө калды. Мындан мурда үйлөрү кыйратылган 45 палестин үй бүлө өлкөнүн жогорку сотуна арыз беришкенин билдирилген эле. Бейшемби күнү Израилдин баш прокурору Менахем Мазус палестиндердин үйлөрүн кыйратып, бошогон жерлерге куралдуу күзөт менен кайтарылган буфердик мейкиндикти түзүүнү көздөгөн аскердик пландын мыйзамдуулугун кайра карап чыга турганын билдирди. Байкоочулар бул чечимди эл аралык коомчулуктун кескин сыны менен да байланыштырып жатышат.

Израилдин кан төгүүлөөр менен коштолгон аскердик операциясы Улуттар уюмунда, Еврошаркетте жана укук коргоо уюмдарында кескин сынга алынды. Сын пикирлер, ал тургай, демейде Израилди колдогон Вашингтон тарабынан да айтылды. АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Ричард Баучер:

- Азыркы операция тынчтык менен коопсуздукка салым кошот деген ойдон алыспыз.

Израилдик аскерлер Рафахка шейшемби күнү киришкен. Чабуулга өткөн жумада израилдик 13 аскердин буктурмадан өлтүрүлгөнү себеп болгон.

XS
SM
MD
LG