Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Паско Кыргызстанга келет


БИШКЕК. 24-майда Кыргызстанга АКШ нын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Линн Паско Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон иш сапарынын алкагында Бишкекке келет. Линн Паско мамлекет башчы Аскар Акаев, Тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматаштыкты чыңдоо тууралуу пикир алмашуу болот. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG