БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны палатанын алты депутатынын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттар жөнүндөгү маселени кароону аяктап, төрт пункттан турган токтом кабыл алды. Анда депутаттык комиссия тыңшоочу аппараттарды ким койгондугун аныктоого зарыл маалыматтарды толук ала албай, тыңшагычтарды коюуга улуттук коопсуздук кызматынын катышы бар экендигин гана аныктай алды деп көрсөтүлдү. Андан тышкары эл аралык, улуттук мыйзамдарды бузган мындай көрүнүшкө жол берген мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин аныктоо сунушу менен президентке кайрылуу жана комиссиянын материалын башкы прокуратурага берүү чечими кабылданды.
Палата бул токтом менен оперативдүү-иликтөө иштерин жүргүзүүгө укугу бар мамлекеттик атайын органдардын ишин көзөмөлдөөчү депутаттык туруктуу комиссия түздү. Ал эми депутаттардын суроосуна жооп берген улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов өзү жетектеген мекеменин тыңшоочу аппараттарды коюуга эч кандай тиешеси жок экендигин дагы бир жолу билдирди.