Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Кытайдагы этникалык кыргыздардын мааракеси болот


БИШКЕК. Кытай Эл Республикасынын Жетисуу автоном облусунун уюшулгандыгынын ушул жылдын 13- августунда өтүүчү 50 жылдык мааракесине Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагалары, облус губернаторлору чакырылды. Бул тууралуу Кызылсуу автономиялык облусунун Эл өкүлдөр жыйынын төрагасынын орун басары Ташмамбет Жунус Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Алтай Бөрүбаев менен болгон жолугушууда билдирди. Мындай маалымат бүгүн Эл өкүлдөр палатасынын басма сөз кызматынан алынды. Учурда Кызылсуу автоном облусунда 140 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт. Ал эми жалпы Кытай Эл Республикасынын аймагында 200 миңден ашуун кыргыз бар.

XS
SM
MD
LG