Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Румыния, Египет Жакынкы Чыгыш диалогун тездетүүнү каалашат


БУХАРЕСТ. Египет президенти Хосни Мубарак менен Румыния президенти Ион Илиеску Израил-Палестин чатагын сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешип, саясий диалогдорду тездетүүгө чакырышты.

Мубарактын айтымында, эл аралык коомчулуктун колдоосу астындагы мындай диалогдор келерки жылы Палестин мамлекетинин түзүлүшүн шартташы керек. Ал эми Румыния президенти Илиеску Улуттар Уюмунун Ирактагы ролун көтөрүү багытында чечим кабыл алууга салым кошуу аракетин көрөөрүн билдирди. Румыния Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөн январда мүчө болгон. Бул өлкө ошондой эле Ирак жана Ооганстан боюнча АКШнын ишенимдүү өнөктөшү.

XS
SM
MD
LG