Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Ас-Садрдын аскерлери Нажафтан чыгып кетүүдөн баш тартып жатышат


БАГДАД. Шийиттердин лидери Мухтада Ас-Садрдын аскерлери Нажафтан чыгып кетүүдөн баш тартып жатат. Алар оболу АКШнын аскердик жетекчилиги Ас- Садрдын талаптарын аткарууга тийиш, деп жатышат.

Бүгүн эртең менен Ал-Садрдын каршылык көрсөтүүнү токтотууга макул болгондугу, бирок ага жооп иретинде ал өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин токтотууну талап кылып жаткандыгы кабарланган эле.
Ас-Садр башка бир мусулман жетекчисин өлтүрдү, деп күнөөлөнүүдө.
Ас-Садрдын тарапкерлери менен АКШ баштаган коалициялык аскерлердин куралдуу таймашы апрель айында, коалициялык аскерлердин колуна Садрдын жакын шериктеринин бири түшүп калганда башталган.

XS
SM
MD
LG