Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

ПУТИНДИН ФЕДЕРАЛДЫК КЕҢЕШКЕ ЖАНА ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУСУ ТУУРАЛУУ ОЙЛОР


Төрөкул Дооров, Москва 26-майда Орусия президенти Владимир Путин бешинчи ирет Федералдык Кеңештин мүчөлөрүнө жана губернаторлорго жылдык салттуу кайрылуусун жасады. Анда орус президенти мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсү үчүн алдыдагы 10 жылга карата алгылыктуу деп эсептеген тармактарды аныктоо менен, өткөн мезгилде орусиялыктардын турмушунда орун алган өзгөрүүлөргө карата ойлору менен бөлүштү.

Эсеп боюнча Орусияда президенттик кызматка жакында эле экинчи жолу шайланган Владимир Путин Федералдык Кеңеште бешинчи ирет жылдык кайрылуусу менен чыгып сүйлөдү. Буга чейинкилеринен айырмаланып, биринчи ирет ал «Орусиянын экономикалык жана саясий мааниде көз карандысыз өлкөгө» айлангандыгын айтты. Орус президентинин ишениминде, бул ийгиликтерге акыркы төрт жыл аралыгында же анын президенттиги учурунда жетишилген.

Ал эми мамлекет алдында турган негизги максаттарды орус президенти төмөнкүчө белгилейт:

- Биздин максаттар ачык жана түшүнүктүү. Булар: орусиялыктардын турмуш деңгээлинин жогорулашы, коопсуз, ыңгайлуу жашоого жетишүү, демократия менен атуулдук коомду куруп, Орусиянын дүйнөлүк коомчулук алдында позициясын жогорулатуу.

Негизинен, бул жолу орус президенти демократия жана атуулдук коом тууралуу көп сүйлөдү:

- Эркин адамдардын ачык коомун түзүү – биздин негизги милдетибиз. Анткени көз каранды адам өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да, мекенинин да камын көрүүгө кудурети жетпейт. Бирок бул өтө татаал милдет. Анткени «эркиндикти» дайыма эле барктай беришпейт жана аны туура пайдаланууну ар ким эле биле бербейт.

Ошол эле учурда, дүйнөдө демократиянын өнүгүүсүнө карата көз салып турушкан түрдүү эл аралык уюмдардын эсебинде, Орусияда сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктар баркталбайт. Бул көрүнүш өлкөдөгү саясий режимдин демократиялык эмес, авторитардык тибине жакындашып баратканын көрсөтөт дешет алар. Орус мамлекетинин башчысы Владимир Путин өз кайрылуусунда бул өңдүү ойлорго кошулбай тургандыгын билдирди:

- Биздин мамлекеттин чыңдалышын айрымдар атайылап эле авторитаризм деп аташат. Ошондуктан, айтаарым: биздин саясатта эч кандай фундаменталдык өзгөрүүлөр болбойт!

Орус президенти бул жолу ЮКОС мунай компаниясындагы чатактан кийин башталган бизнес жана бийлик күрөшүнө токтолгон жок. Айрым аналитиктер бул көрүнүштү аталган күрөштөгү бийликтин жеңиши катарында сүрөттөшүп, мурдагы орус олигархтары же өлкөдөн качып кетишкендигин, же бийликтин үстөмдүгүнө макул болуп калганын айтышат.

Кантсе да, атайылап уюштурулганбы, же капыстан эле болуп калдыбы, айтор, президент кайрылуусун жасаган күнү Москванын арбитраждык соту «ЮКОС мамлекеттик казынага 3,5 млрд.доллар төлөөгө милдеттүү деген чечимин чыгарды. Маалым болгондой, Орусиянын салык министрлиги ЮКОСту 2000-жылы ушул сумманы төлөбөгөн деп, сотко берген болчу. ЮКОСту 3,5 млрд. долларга сындыруу, эксперттердин айтымында, Орусияда мунай жаатындагы эң ийгиликтүү ишкананын кубатына балта чапкандай эле болду.

Владимир Путин бизнес проблемасына эле эмес, Ирактагы кырдаалга да, өлкөдөгү укук коргоочулардын ишмердүүлүгүнө да токтолгон жок.

Анткен менен, орус президенти өлкөнүн тышкы саясатына кеңири кайрылды жана бул жаатта КМШ курамындагы мамлекеттер менен кызматташтыкка негизги көңүл бурула тургандыгын айтты:

- Ошондой эле биз Орусия үчүн жагымдуу талаптардын чегинде Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө умтулабыз.

XS
SM
MD
LG