Кабинеттин башчылыгына азыркы башкаруучу кеңеш жума күнү бир добуштан Ияд Аллавини шайлаган эле. Аллави ООНдун атайын өкүлү Лахдар Брахими менен бирге кабинеттин калган мүчөлөрүн аныктаганы масилет-мастаттарды өткөрүп жатат. Бүгүн ал Ирактын утурумдук башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, коалициялык администрациянын өкүлдөрү менен жолугушту. Башкаруучу кеңештин чечимин ООН урматтайт, деп билдирди уюмдун өкүлү Фред Экхард. Ал эми Ак үйдүн өкүлү Скотт Маклеллан Ирактын өткөөл өкмөтүн түзүү процесси илгерилеп баратканын белгилеп, бул өкмөткө 30-июнда бийлик өткөрүлүп бериле турганын бышыктады. Кабинеттин толук курамы жакынкы күндөрдө жарыяланышы керек.